Суббота, 23 ноября

Жамму жана Кашмирдеги кагылышуудан 4 адам каза болду

0

 Пулвама округунда индиялык жоокерлер менен жоочулардын ортосунда кагылышуу болду.

Индия армиясы жана жоочулардын ортосунда Жамму жана Кашмир аймагында болгон кагылышуудан төрт жоочу каза болду.

Индия ММКсынын маалыматына ылайык, индиялык жоокерлер менен жоочулардын ортосундагы кагылышуу Пулвама округунун Жамму жана Кашмир аймактарында болгон.

Натыйжада төрт жоочу каза болуп, үч индиялык жоокер жаракат алган.

Кашмир аймагы 1974-жылдан бери – эки өлкө Улу Британиядан эгемендүүлүк алгандан тартып Индия жана Пакистандын ортосунда талаштуу аймак болуп эсептелүүдө. 1989-жылдан бери Жамму жана Кашмирдеги өкмөткө каршы топтор Индиядан көзкарандысыздыкты талап кылууда. Кашмирдеги кагылышуулардан бүгүнкү күнгө чейин 70 миңден ашык адам каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз