Пятница, 17 мая

Кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилик жүк кармалды

0

Баткен облустук ИИБнын маалымат кызматынын жетекчиси Дамира Юсупова кабарлагандай, 2019-жылдын 30-март күнү Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы зым торду кыркып, мыйзамсыз, аткезчилик жолу менен жан багып жүргөн жарандар колго түшүрүлдү.

Бул операцияны Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүнүн, жол кыймылынын жана КРнын ИИМнин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Маалым болгондой, эки мамлекеттин жарандары түн ичинде 50 даана сыналгыны, жалпы баасы миллион сомго жакын үй-шартында керектелүүчү буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп жатканы аныкталып, кармалды.

Бул факт Кадамжай РИИБде катталып, текшерүү үчүн Экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз