Суббота, 20 апреля

Автобустар линияга чыкпай калышы мүмкүн деди

0

Бишкек автотранспорт мекемесинин «Газпромго» 18 млн сом карызы бар. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

«Транспорт токтоп калса, жаңы мэр келип, уурдап жетишкендиктен, автобустар линияга чыкпай калды деп күнөөлөп чыгышат. Бирок бул майдын жоктугунан. 2017-жылдан бери 4 миң маршрутка бар болчу, азыркы күндө болгону 1,5 миң. Учурда 130 троллейбус жана 82 автобус бар», — деп мэр кошумчалады.

Баш аягы 210 автобус алынып келинген, алардын ичинен рейске 80-90 автобус эле чыгып жатат. Жунушалиев Евразия өнүктүрүү банкынын долбоору жөнүндө да айта кетти. Ага ылайык, автобус сатып алууга бюджет бөлүнүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз