Четверг, 25 апреля

Сүйүнчү! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

0

Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын байгени багындырды.

Ал  финалда жапониялык Рин Мияжини 1-айлампада далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды (4:0).

Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышты. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен кезек келди. Мекендешибиз 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга көтөрүлдү.

Финалга чыкчу кармашууда кыргызстандык спортчу Россиядан келген Ханум Велиевага каршы чыкты. Биринин артынан бири упай топтоп келе жатып, россиялык спортчу алдыга озуп кетти. Бирок акыркы мүнөттөрдө Жуманазарова чамданып, утуп алды.

Алтын үчүн күрөштө мекендешибиз япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасынды) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз