Воскресенье, 5 мая

БУУ: Ооганстанда 18 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж

0

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык -түлүк программасынын (WFP) Ооганстандагы өкүлү Мэри Эллен МакГроарти, Ооганстанда адамдар тамак-аш сатып алуу үчүн үй буюмдарын жана килемдерди сата башташганын билдирип: «Ооганстанда экономика кыйроо алдында турат»,-деди.

МакГроарти видеоконференция аркылуу борбор шаар Кабулда өткөргөн маалымат жыйынында өлкөдөгү гуманитардык кризистин тездик менен күчөгөнүнө көңүл бурду.

Ооганстанда 18 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экенин, 14 миллион кишинин азык -түлүк коопсуздугу жок экенин билдирген МакГроарти, 2 миллион баланын жетиштүү тамактана албаганын айтты.

МакГроарти 15-августта талибдер өлкөнү көзөмөлгө алгандан кийин Ооганстандын активдерин тоңдуруу оор кесепеттерге алып келгенин баса белгиледи.

Мэри Эллен МакГроарти, оогандар банктардан жумасына 200 долларга чейин гана акча ала алышат жана алардын айлыктары төлөнбөй жатканын айтты.

“Талибан” кыймылы Ооганстандын борбору Кабулду 15-августта ээлеп алган. Бул АКШ баш болгон коалициялык күчтөрдүн аскерлерин ооган жергесинен чыгарып жаткан учурга туш келген. Мындан соң Батыш өлкөлөрү Ооганстандан өз жарандары жана алар менен иштеген оогандыктарды чукул шартта чыгарууга туура келген.

АКШ 30-августта Ооганстандан аскерлерин толук чыгарып кетти. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз