Пятница, 20 сентября

Өзбекстанда 25ке жакын күн электр станциялары курулат

0

Навои облусундагы күн электр станциясын (КЭС) куруу үчүн 23 сунуш берилди.

2030-жылга чейин Өзбекстанда 25ке жакын күн электр станциясы (КЭС) курулат. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Шерзод Хаджаев жергиликтүү телеканалга берген маегинде айтты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы 10 жылда Өзбекстан 25ке жакын КЭС курууга ниеттенүүдө.

Кубаттуулугу 100 МВтты түзгөн алгачкы күн электр станциясы Өзбекстандын Навои облусунда курула тургандыгын белгиледи, министрдин орун басары. «Курулуш иштери график боюнча быйыл башталат жана эки жылдын аралыгында аяктайт», – деди Хаджаев.

Министрдин орун басарынын айтуусунда, Навио облусундагы КЭСтин курулушу үчүн 23 сунуш түштү. «Электр энергия тармагына капитал тартылбаса, тармакка жаңы технологияларды тартуу өтө кыйын болот. Ошондуктан электр энергиясын табигый түрдө  жана түз чет элдик инвестициянын эсебинен өндүрүү чечими кабыл алынды», — деди Хаджаев.

Өзбекстанда жалпысынан 50 жылуулук гидроэлектростанциялары бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз