Пятница, 3 мая

Муфтий Замир Ракиев айымдар жамаатын кабыл алды

0

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдында айымдардын «Хадижа» аталыштагы клубу түзүлөт.

Бул тууралуу маалымат муфтияттын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, муфтий Замир Ракиев 12-октябрда айымдардын жамаатын кабыл алып, клуб туурасында сүйлөштү. Ал аялдар үчүн атайын сабактарды уюштуруп, терс диний агымдардан оолак кылуу, үй-бүлө институтун бекемдөө, зордук-зомбулуктарды болтурбоо, балдарды туура тарбиялоо, айымдардын билим алуусуна шарт түзүү жана алардын суроолоруна өз учурунда жооп берүү үчүн ушундай клуб түзүлүп жаткандыгын билдирди.

Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов учурда бул жаатта атайын программалар иштелип жаткандыгын айтып, атайын айымдарга жана үй-бүлө маселесине тиешелүү бир катар темалар даярдалып жатканын билдирди. Ал эми айымдардын жамааты аялзаты үчүн руханий жана психологиялык колдоо керектигин айтышып, сунуш-пикирлерин калтырышты.

“Исламдагы аял темасын көтөрүп, алардын үйдөгү жана коомдогу кызматы, кадыр -баркы, статусу боюнча дагы баяндамаларды жасоо керек. Ислам жана аялдардын стили, диний салттарды жана заманбап тренддерди сырткы келбетинде кантип айкалыштыруу керек, үй -бүлөлүк мамилелер, балдарды азыркы реалдуулуктун шартында тарбиялоо, кыйынчылыктарга туруштук берүү методдору боюнча иш алып барсак”, — деген муфтий менен жолуккан айымдар.

Муфтий Замир Ракиев “Хадижа” клубунун максаты каада-салт, үрп-адат менен айкалыштырып, диндин баалуулуктарын коомчулукка жана айымдарга жеткирүү экенин айтты.


KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз