Кыргызстанда жакынкы күндөрү дары-дармек кескин арзандайт. Бул тууралуу бүгүн,13-октябрда УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Депутаттардын фармакологиядагы мафия тууралуу суроосуна жооп берип жатып Ташиев бул уюшмага мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгилеп, Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин айрым адистери тергөө абагына отургузулганын, башка да адамдар боюнча иш жүрүп жатканын айтты:
“Департамент өкүлдөрү мамлекет өз функциясын аткарып, дары-дармектин арзандыгын камсыз кылгандын ордуна, тескерисинче, кымбаттыгын камсыз кылып, пара алып, уюшкан финансылык мафия түзүшкөн. УКМК фарммафияны толук көзөмөлгө ала баштады. Департаменттин үч-төрт адисин, фармкомпаниялардын чоң мафияларынын бир-экөөнү тергөө абагына отургуздук. Бирок бул чек эмес. Жакынкы күндөрдө, октябрь айы ичи, Кыргызстанда дары-дармектин баасы кескин түшөт”.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.