Понедельник, 7 октября

Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү

0

Мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев «Кумтөр иши» боюнча кайра камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Ал тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында болот.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин өзүнө алгандан кийин ага байланыштуу иликтөө баштаган. УКМК кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып соңку келишим-макулдашууларга чейин бардыгын изилдеп жатат. Сарпашевге айып 2017-жылдагы документтер боюнча тагылган. Аны атайын кызмат быйыл 17-июнда кармаган, 29-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал тергөө бүткөнчө жашаган жеринен башка жакка кетпөө шарты менен бошотулган.

Атайын кызмат Сарпашев канадалык «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген деп эсептейт. Сарпашевдун жакындары жана жактоочулары буга байланыштуу комментарий берген эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз