Воскресенье, 24 ноября

Чүйдө Сокулук ГЭС-2 ишке кирди

0

Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук ГЭС-2 ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров барып, иши менен таанышкан. Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды терең изилдеп, бул тармакка инвестиция тартуу боюнча максат койгонун белгилеген.

«Электр энергиясын кайра өндүрүү багытына техникаларды импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөө милдеттемеси алып салынды. Лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкты. Бул чаралар «жашыл энергияны» өнүктүрүүгө жана кошумча генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга туруктуу түрткү берет деп ишенем», — деп билдирген Жапаров.

Ал ошондой эле мамлекеттин катышуусу жок, жеке инвесторлордун аракети менен бюджеттик жана донордук каражатты тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышы башка региондорго үлгү болорун белгилеген.

Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Советтер Союзу тарагандан кийин бул ГЭС консервацияланган жана 2007-жылы станцияны изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча негизги электротехникалык жабдуулар, ошондой эле гидротехникалык курулмалар жана ГЭСтин имараты бөлүктөргө бөлүнүп, жарым-жартылай талкаланган. Андыктан аны ишке киргизүү үчүн толук реконструкциялоо талап кылынган.

ГЭС-2нин белгиленген кубаттуулугу — 2,4 МВт (2×1,2 МВт), электр энергиясын иштеп чыгуунун орточо жылдык көлөмү — 11 895 756 кВт/с түзөт.

Чакан ГЭС ишке кирсе Чүй облусуна электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйөт, тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электроэнергиясы менен камсыздайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз