Пятница, 3 мая

С. Жээнбеков  Режеп Тайип Эрдоганды куттуктады

0

2-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү. Бул тууралуу КРнын президентинин Аппаратынын маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасында муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга албан ийгиликтерди, бекем ден соолук каалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз