Пятница, 20 сентября

Афина-Скопье: дипломатиялык мамилелердин «жаңы эрасы»

0

Өтө эле табигый  — бирге  селфиден  — Түндүк Македониянын премьери  Зоран Заеванын грециялык кесиптеши менен сүйлөшүүсү башталды.  Алексис Ципрас өзүнүн иш сапарын жакында аталышын өзгөрткөн балкан өлкөсүнө Преспан макулдашуусунда белгиленгендей жасады.

Тараптар бул жолугушуу бир гана эки өлкөнүн эмес, бүтүндөй балкан аймагынын келечегине жол ачарына ишенишет.

Ципрастын айтуусунда, кошуналардын дипломатиялык мамилесинде жаңы доор башталды. Ага далил иретинде премьерлер буга чейин байланыш бюросу катары иштеп аткан мекемелерди элчилик кылып жарыялашты.

«Ал тургай буга чейин өз пикирин айтпагандар жана сынга алгандарды да биз колдоого аракет кылып, биз тарапка өтүүгө аракет кылуусун өтүнөбүз. Себеби бул — биздин өлкөлөр ортосундагы достук, стратегиялык кызматташтык  тууралуу макулдашуу. Грециянын жарандары да биз өз тарабыбыздан аны толук бойдон аткара тургандыгыбызды билүүгө тийиш», — деп билдирди түндүк-македониялык премьер  Зоран Заев.

«Биз келечекке инвестиция жумшап, тарыхты жасоодобуз, биз туткундар эмеспиз. Албетте, бул тарыхый макулдашуунун олуттуу негизи бар, ал менимче баардыгына белгилүү. Ал тургай алдын ала маалыматы барларга да», — деп кошумчалады грециялык өкмөттүн башчысы.

Заев жана  Ципрас Түндүк Македониянын ЕБге кирүүсүнө көмөктөшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.  Мындан тышкары  премьерлер ар кандай чөйрөлөрдө – билим берүү жана санариптик технологиядан тартып, коргонуу өнөржайы жана энергетикага чейин эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча планды бекитишти.

«Грециялык сыяктуу эле, түндүк-македониялык өкмөттүн максаты – мурдагы югославиялык республиканын аталышы тууралуу алкактан чыгып, Преспа Макулдашуусуна киришүү. Шейшемби күнү жетишилген макулдашуулар – бул чек аранын эки тарабындагы тең адамдардын жашоосун жакшырта турган болочок өнөктөштүк мамилелердин башталышы болуп саналат», — деп билдирди  Скопьеден журналист Симела Тучтиду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз