Бишкектин Биринчи май райондук соту Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевди кыргыз паспортторун мыйзамсыз берүү иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал тергөө менен кызматташууга барганы үчүн 260 миң сом айыпка жыгылды.
Сатыбалдиев «Коррупция» беренеси боюнча соттолду. Ал 2011-2012-жылдары президенттин алдындагы Жарандык берүү боюнча комиссиянын мүчөсү болуп турган. Анда комиссия кыргыз жарандыгын алууну көздөгөн 32 чет өлкөлүктүн арызын караган — алардын арасында «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды да болгон.
Түрк жарандарына кыргыз паспортун «мыйзамсыз берүү» иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов жана президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы Эрнист Апилов шектүү катары өтүүдө.
Орхан Инанды Түркияга жеткирилгени белгилүү болгондон кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын куруп, ал эки паспорт колдонуу менен «мыйзам бузду» деп билдирген. Ошондой эле, Ташиев «Инанды башка мамлекетте жасаган террордук кылмышы үчүн жооп берип жатат» деп билдирген.
Түркиянын бийлиги Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азиядагы жетекчиси» деп атаган.
