Пятница, 22 ноября

Кофенин пайдасы

0

Кофе ичүү мезгилдик депрессияга кабылуу коркунучун азайтат.

Италиядагы Катания университетинин изилдөөсү, кофе ичүүнүн маанайдын бузулушуна оң таасирин тийгизерин аныктады.

Күндүзгү жарык азыраак пайдаланылган күндөргө негизделген изилдөөгө; Британия, Италия, Финляндия, Германия жана Польшадан 5 миң киши катышты.

Ар 4 саатта бир чыны кофе ичкендердин алсыздык, депрессия, мотивацияны жоготуу жана кыжырдануу сыяктуу мезгилдик маанайдагы көйгөйлөрдөн азыраак жабыркаганы байкалды.

Изилдөө кофенин мээге стимулдаштыруучу таасир бергенин жана көңүл бурууну арттырып, эс тутумду колдой турганын аныктады.

Изилдөөгө катышкандардын 20 пайызы кофе ичкенден кийин маанайы жакшырганын айтса, 29 пайызы энергиялуу, 21 пайызы да сергек сезгенин жана көңүлүн оңой топтой алганын бидиришти.

Изилдөө жүргүзгөн илимпоздор, кофенин курамындагы микроэлементтер кандан мээге өтүп, мээде жаңы нейрондордун пайда болушуна жардам бере ала турганына далил тапканын айтышты.

Буга чейинки изилдөөлөрдө кофе ичүү инфаркт коркунучун азайтары аныкталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз