Суббота, 23 ноября

Өзбекстанда Facebook, Telegram, YouTube жана Instagram’га чектөө киргизилди

0

Коңшу Өзбекстандын социалдык тармактар ​​жана мессенжерлердин иштөөсүнө чектөө киргизилгенден бир нече сааттан кийин «Узкомназораттын» жетекчиси Голибшер Зияев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, чиновникти «туура эмес жана карама-каршы иш-аракеттер үчүн» деп президент Шавкат Мирзиёев кызматтан алган. Өзбекстандагы социалдык тармактардын ишин чектөө чечимин Шавкат Мирзиёев “бир жактуу жана толук ойлонулбаган” деп атаган.

Окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлө турганын президенттин басма сөз катчысы билдирген.

Өзбекстанда социалдык тармактарга чектөөлөр 3-ноябрдан тарта күчүнө кирди. Бөгөттөлгөн социалдык тармактарга Facebook, Telegram, YouTube, Instagram, Одноклассники жана башкалар кирет. Буга чейин жөнгө салуучу орган дагы ушундай эле мыйзам бузуулар үчүн TikTok, Twitter, Skype жана Vkontakte сайттарына бөгөт койгон.

Социалдык тармактар ​​жеке маалыматтарды иштетүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жабылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз