Борбор калаанын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан үйдүн 4-кабатынын балконунан аял киши кулап кетти.
ӨКМ билдиргендей, 25-30 жаштагы аял бастырманын үстүнө кулап түшкөн.
Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу аялды бастырмадан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп берди. Аял колунан жаракат алган, абалы канааттандырарлык.