Бүгүнкү күндө биз талибдерди таанууга даяр эмеспиз, деп билдирди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Бишкек шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияда.
Конференция Афганистандагы абалга арналган.
«Биз учурда талибдерди таануу жөнүндө сөз кылбай элебиз. Бирок Афганистандагы бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу айтып жатабыз», — деди ал.
Масадыковдун айтымында, сүйлөшүү жүргүзүү баарына абадай керек.
«Талибдерди изоляцияда калтырууга болбойт. Бул туура эмес», — деди ал.