Баткен облусунда формачан адамдар кыргыз чек ара кызматкерлерине карата таш ыргытышканы айтылды. Жергиликтүү айрым басылмалар өздүк булактарына таянып берген маалыматына ылайык, окуя Хужанд-Канибадам трассасында катталды.
«Борбордук айылындагы май куюучу жайдын аймагында Хонда Аккорд унаасынын айдоочусу трассанын жээгинде бара жаткан. Бул учурда аскердик кийим кийген болжол менен 5 адам унаадагы чек арачыларга таш ыргытышкан. Жабыркагандар жок», — деп жазылат маалыматта.
Мамлекеттик чек ара кызматы бул боюнча маалыматтар такталып жатканын белгиледи.