Воскресенье, 19 мая

Электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди

0

Электр эсептегичтерин колдонууга чектөө коюлду. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлду. Мындан улам чектөөдөн ашкан колдонуучуларда электр кубаты автоматтык түрдө өчөт. «Электр эсептегичтерге күч келтирбөө үчүн абоненттер электр каражаттарын бир калыпта колдонуусу зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз экени белгилеп, кардарларды бул аргасыздык чечимди түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз