Воскресенье, 19 мая

Суткада коронавирус 52 адамдан аныкталып, үч бейтап каза болду

0

Кыргызстанд суткада коронавирус 52 адамдан аныкталып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 61 адам илдеттен сакайып чыккан.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 604 бейтап, амбулатордук түрдө 816 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 882 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 246 киши айыгып чыкса, 2 миң 689 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз