Орусиянын «Россия сегодня» мамлекеттик медиахолдингинин кызматкерлерине талибдерди Орусияда тыюу салынган уюм деп атоого тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, «Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттигинин жетекчилиги өз кызматкерлерине талибдер тууралуу кабарларда бул уюм Орусияда террордук деп таанылып, тыюу салынганын көрсөтпөөнү, тескерисинче ал тууралуу башка, жумшак сөз менен коштоону талап кылган.
Маалым болгондой, РИА Новости жана RT басылмалары мындай чечимди колдонуп башташкан.
Маалымат үчүн: «Талибан» кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.