Воскресенье, 24 ноября

Түркия Республикасынында Мустафа Кемал Ататүрк эскерилүүдө

0

Бүгүн 10-ноябрь. Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 83 жыл толду.

Түркия, 57 жылдык өмүрүндө улутунун жана мекенинин көз карандысыздыгы үчүн ар бир күрөшүн аскердик жана саясий гениалдуу жеңиши менен даңазалаган, атын түрк жана дүйнө тарыхына алтын тамгалар менен жаздырган лидерин дагы бир жолу сүйүү, урматтоо жана ыраазычылык менен таазим кылып эскерүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдоган баштаган делегация Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканынын 83 жылдыгына карата Аныткабирге (Ататүрктүн түбөлүктүү жайына) барды.

Эрдоган жана аны коштогон делегация Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюшту, андан кийин бир мүнөттүк унчукпай туруу жана Улуттук гимн аткарылды.

Президент Эрдоган андан соң Мисаки Милли мунарасына барып, Аныткабирдин атайын китебине кол койду.

Эрдоган китепке буларды жазды:

«Урматтуу Ататүрк, каза болгонуңуздун 83 жылдыгында дагы бир жолу таазим кылып эскеребиз. Сиздер түптөгөн жана бизге ишенип тапшырган Республикабызды бузукулардын каалоолоруна кошулган заалымдарга карабастан мындан ары да кеңейтип, өнүктүрүп, аны өз аймагынын жана дүйнөнүн жаркыраган жылдызына айландыруудабыз. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук жана өнөр жай тармагы баш болгон ар бир тармакта жетишкен тарыхый ийгиликтерибиз менен 2023-жылдагы максаттарыбызга чечкиндүүлүк менен бара жатабыз. Биз өлкөбүздүн бүтүндүгүнө, мамлекетибиздин максаттарына, асыл элибиздин ынтымагына, тынчтыгына, байыркы баалуулуктарына чыккынчылык кылгандарга эч качан жол бербейбиз. Жаныңыз жаннатта болсун».

Өлкө боюнча да жарандар Ататүрк көз жумган Түркия убактысы боюнча саат 09:05те бир мүнөттүк унчукпай эскеришти.

Баш калаа Анкаранын эң кыймылдуу жерлеринде болсо Атага таазим кылуу иретинде жашоо бир мүнөткө токтоду.

Саат 09:05те сиреналардын үнү менен борбор калаанын көчөлөрүндө жарандар бир мүнөттүк унчукпай турушту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз