Суббота, 23 ноября

Бишкектеги айрым май куюучу жайларда дизель майы калбай калды

0

Бишкектеги айрым май куюучу жайларда дизель майы жок. Бул тууралуу «Газпром Нефть Азия» компаниясынан жооп беришти.

«Бир катар май куюучу жайларда дизель майы жок. Анткени май Орусиядан алып келингендиктен ташып келүүдө кыйынчылыктар болуп жатат. Тартыштык жеке Кыргыз өлкөсүндө эле эмес, Казакстанда, Тажикстанда да жаралууда. Буга чейин Казакстан өзүн өзү май менен камсыздачу. Жай мезгилинен тарта алар оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылгандыктан учурда дизель майы Казакстанга да ташылууда. Бирок бул такыр эле май жок дегендик эмес, белгилүү өлчөмдө ташылып жатат. Бул көйгөйдү декабрь айынын башына чейин чечебиз. Май куюучу жайлардын кызматкерлери кардарларга коңшулаш май куюучу жайларда күйүүчү майдын бар экендиги тууралуу маалымат беришет. Жакынкы арада дизель майы бардык станцияларга жеткирилет», — деп билдиришти компаниядан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз