Украинанын президенти Владимир Зеленский 23ү орусиялык 28 кишиге санкция киргизүү чечимин күчүнө киргизди.
Украина Президенттигинин билдирүүсүндө, чечимдин Улуттук коргоо жана коопсуздук кеңешинин 20-августтагы чечимине ылайык кабыл алынганы белгиленди.
Зеленский күчүнө киргизген санкцияга ылайык, Орусиянын 23 жана Украинанын 5 жараны 3 жылга жазаланат.
Улуттук Коргоо жана коопсуздук кеңешинин төрагасы Олеский Данилов 20-августта Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган Крым менен орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донбасста айрым орус чалгын кызматкерлерине, сотторго жана медиа өкүлдөрүнө санкция киргизүү чечимин чыгаргандарын жарыялаган болчу.