Түркиянын оппозициячыл маалымат порталы «Oda TV» Фетхуллах Гүлен ууландырылып өлтүрүлгөнүн билдирди. Ошондой эле «ФЕТО» уюму Гүлен тирүү деп жарыялаган видео монтаждалганын жазды.
«Oda TV» билдиргендей, Гүлен АКШнын Пенсильвания штатындагы өз үйүндө шаршембиге караган түнү ууландырылган. Ошондой эле анын жанындагы дагы бир адам каза болду. Гүлендин үй кызматкерлерине журналисттер менен сүйлөшүүгө тыюу салынды.
«Oda TV» бул маалыматтарды Түркиянын атайын кызматтарындагы булактары жеткиргенин айтууда.
Ошону менен катар Гүлендин уюму видео жарыялап, анда Гүлен креслодо отуруп, дуба кылып жатканын көрсөттү. Бирок «Oda TV» бул видео буга чейин жарыяланган видеолордон монтаждалганын билдирди.
Азырынча Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Гүлендин абалы тууралуу так жаза элек.