Четверг, 2 мая

COVID-19: Суткада коронавирус дагы 43 адамдан аныкталып,үч бейтап каза болду

0

Кыргызстанда суткада коронавирус дагы 43 адамдан аныкталып,үч бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 14, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 582 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз