Суббота, 4 мая

Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна келди

0

Бүгүн, 11-декабрь күнү Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна келди. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жетекчилер тосуп алышты. Балбан кызга Баткен облусунун бренди болгон өрүктөн жасалган шириндиктер тапшырылды. Балбан кыз андан ары Лейлек районунун Максат айылына жөнөп кетти.

Буга чейин А.Тыныбекова Лейлек районунун Максат айылында мектеп окуучулары менен жолугуп, андан соң Баткен районунун Ак-Сай айылында жаш балбандар үчүн мастер-класс өткөрүү пландалып жатканы айтылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз