Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусунун жаш спортчуларына мастер-класс көрсөттү.
Балбан кыз Максат жана Ак-Сай айылдарынын жаш спортчулары менен машыгуу өткөрдү.
Спортчу: «Облустагы спорттун өнүгүшүнө, балдардын спортко болгон кызыгуусунун артышына өз салымымды кошкум келет», — деп социалдык баракчасына жазган.