Воскресенье, 5 мая

Бир суткада 36 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 14-декабря карата коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 19, Чүй облусунда — 11, Ош облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 40 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 17, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 1, Ысык-Кол облусунда — 4, Баткен облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 367 бейтап, амбулатордук түрдө 321 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 27 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 80 киши айыгып чыкса, 2 миң 773 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз