Мурунку президент Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келгенин бүгүн, 14-декабрда өздүк булактар билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва — Бишкек рейси менен саат 04:40та уулу Илим менен бирге учуп келген.
Акаев Кыргызстанга келгени тууралуу маалыматты анын айланасындагылар тастыкташты.
Анын Бишкекке эмне себептен келгени азырынча белгисиз.