Бишкекте саймачылардын республикалык сынагы өттү. Аны «Кийиз дүйнө» коомдук фонду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурду.
Мындай иш-чара Бишкек калаасында үчүнчү ирет өткөрүлдү. Уюштуруучулар муну менен саймачылыкты жандандыруу максатын койгон.
Иш — чара бүгүнкү күндөгү этно маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, аны алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма сайуунун жандандырууга өбөлгө түзөт.
Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду Эркайым Асанбекова, II орунду Кундуз Абдыкеева, III орунду Нургүл Жээнбекова ээледи.
Чемпионатта, салт болуп калгандай, сайма боюнча өткөн жылдагы сынактын жеңүүчүсү Диляра Орозалиева быйылкы жеңүүчү Эркайым Асанбековага эстафета-чапанды тапшырды. Эми Асанбекова аны сактап, келерки жылдагы жеңүүчүгө өткөрүп бермекчи. Айтмакчы, ар бир финалист чапанга өзүнүн атын сайып калтырышы керек.
Ал эми белдемчи боюнча сынакта I орунга Сырга Өмүралиева, II орунга Эркайым Асанбекова, III орунга Батина Назаралиева татыды.
Андан сырткары, тарых музейинде уздардын колунан чыккан туш кийиздер, панолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.