Пятница, 22 ноября

Машыктыруучу Нурбек Изабеков тууралуу даректүү тасма тартылды

0

КТРКнын алдындагы «Кыргызтелефильм» киностудиясы күрөш боюнча аялдар курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу даректүү тасма тартты. Бул туурасында киностудиядан кабарланды.

Кыргыз эл артисти Тынай Ибрагимов тасманын сценарийин жазып, режиссёрлук кылган.

«Күрөш залы Нурбек Изабековдун көңүл ачуучу жайы, жумушу жана жашоосу болуп калды. Бүгүнкү эл аралык масштабдагы жылдыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы — машыктыруучунун тер төккөн эмгегинин, оор, ошол эле учурда бактылуу жолунун жемиши. Албетте, мында командасынын ар бир мүчөсүнүн салымы бар», — деп белгиледи «Кыргызтелефильм».

Тасмада «спортчу да, көрүнүктүү машыктыруучу катары да ар башка деңгээлдеги жеңишке жетишкен» Изабековдун жашоосу баяндалат.

Даректүү тасма жакынкы күндөрү КТРКнын эфиринен көрсөтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз