Воскресенье, 12 мая

Түркия жана Казакстандын өлкө башчылары телефондо сүйлөштү

0

Кечээ, 6-январда Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда өлкөдө болуп жаткан окуяларга жакындан көз салып турганын, ошондой эле Казакстанда жаңы өкмөттүн тез арада түзүлүшү жана чыңалуунун кыска убакытта токтотулушуна тилектеш экенин айткан.

Ошондой эле мамлекет башчы Казакстанга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анда негизинен Казакстандагы саясий кризис талкууланганы кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз