Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш ЖККУнун алкагында кыргызстандык аскер кызматкерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берди.
69 депутат — макул, 7 депутат — каршы добуш берди.
Кыргызстан Казакстанга 150 аскер, 8 даана бронетехника, 11 автотехника жөнөтөт.
Казакстанда кыргыз аскерлери стратегиялык объектилерди кайтарышат.
Буга чейин Министрлер кабинети Кыргызстан ЖККУнун алкагындагы союздук милдеттенмелерин аткарууга даяр экенин билдирген.