Бүгүн, 8-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 193 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаарында – 134,
— Жалал-Абад облусунда – 17,
— Чүй облусунда – 11,
— Ош шаарында – 9,
— Баткен облусунда – 7,
— Талас облусунда – 6,
— Ысык-Көл облусунда – 4,
— Ош облусунда – 4,
— Нарын облусунда – 1.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 185 миң 677 адам коронавирус менен катталган.
Ошондой эле акыркы суткада 2 бейтап көз жумду.