Суббота, 20 апреля

Казакстанда 10-январь улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды

0

Казакстанда 10-январь жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Берик Уали фейсбук баракчасына жазган.

Өлкө башчынын маалымат катчысы Берик Уали тиешелүү жарлык Акорданын сайтына жарыялана турганын билдирген.

«Бир катар аймактардагы каргашалуу окуяларда көп адам курман болгондугуна байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 10-январын улуттук аза күнү деп жарыялоону чечти. Тиешелүү жарлык жарыяланат» — деди.

Казакстандын бир нече аймагында болгон нааразычылык акцияларында жарандар менен катар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да көз жумган. Расмий бийлик көз жумгандар менен каза тапкандардын так санын айта элек.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз