Суббота, 21 сентября

Түркия менен Россиянын соода алакасы $100 млрд.га жетет

0

Эки лидердин жолугушуусунан кийин 8 —  Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны өттү.

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Россия менен өзгөчө Сирия боюнча жасай турган кадамдардын чоң мааниге ээ экендигин айтты.

Түркия  —  Россия жогорку мартабалуу кеңешинин 8-жыйынын өткөрүү үчүн Россиянын борбор шаары Москвага барган Эрдоган президент В. Путин менен Кремлде жолугушту. Эрдоган жолугушуудан мурда берген маалыматында Россия менен өзгөчө Сирия боюнча аткарылган жана келечекте жасала  турган кадамдардын чоң мааниге ээ экендигин белгилеп: «Башка бир абдан маанилүү кадам да азыркы учурда аймактагы террордук кыймылдарга каршы бирдикте тилектештик ичинде таштаган кадамдар»,- деди.

Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосунда кээ бир  келишимдерге кол коюларын билдирген Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн 15 пайызга арттыргандыгын жана максаттарынын 100 миллиард доллар экендигин айтты.

Россиянын президенти Путин да Түркия менен эки тараптуу карым  — катнаштардын өзгөчө  экономика тармагында өнүккөндүгүн ыраазычылык менен иликтешкендерин билдирди.

Түркия менен Россиянын ортосундагы соода көлөмүнүн 35 миллиард долларга жеткендигин белгилеген Путин: «Эл аралык карым  — катнаштарда жана глобалдык маселелер тууралуу Түркия менен кызматташуубуз мактоого татыктуу боло алат»,- деди.

Андан кийин басма сөзгө жабык өткөн жекеме  — жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин 8 — жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны өттү.

Жыйындан мурда маалымат берген Путин Астана процессинин кепил-өлкөлөрү катары Россия жана Түркия  Сирияда келишпестиктердин азайтылышы үчүн чоң аракет кылышкандарын белгилеп: «Түркия менен бекемделген жана алдыга жылган кызматташуунун негизинде карым  — катнаштарды өнүктүрүү чечимин чыгардык»,- деди.

Сирияда келишпестиктердин азайтылышы үчүн  аракет кылышкандарын айткан Путин күн тартибинде аскердик — техникалык кызматташуу менен бирге С  — 400 системаларынын Түркияга тапшырылышынын аякташы ийгиликтүү  болгондугун билдирди.

Президент Эрдоган да Россия менен Мерсиндеги «Аккую» термалдык станциясынын пайдубалын түптөшкөндөрүн, өткөн жылы 6 миллион Россия жарандарын турист катары кабыл алып, жаңы рекордго жетишкендерин белгилеп : «1300гө жакын ишкерибиз Россияда инвестор катары иш алып барууда. Максатыбыз 100 миллиард доллар соода көлөмүнө жетүү»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз