Пятница, 19 апреля

Садыр Жапаров аралыктан иштеп баштады

0

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Бул алдыда Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу, деп билдирди бүгүн, 24-январда басма сөз кызматы.

«Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат. Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт», — деп айтылат расмий малыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз