Суббота, 20 апреля

Кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 27-январда аяктайт

0

Кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 27-январда аяктайт. Бул тууралуу буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, бир мандаттуу округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 30 календарлык күн калганга чейин аяктайт, башкача айтканда келе жаткан жылдын 27-январына чейин (кошкондо).

Кайра шайлоого катышуу үчүн 48 жаран БШКга арыз менен кайрылды.

Эске салсак, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз