Пятница, 19 апреля

Бир суткада 412 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 25-январга карата коронавирус дагы 412 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 242, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 91, Ош облусунда — 9, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 37, Баткен облусунда — 12 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 511 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 355, Ош шаарында — 4 Чүй облусунда — 119, Ош облусунда — 6, Талас облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 11 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 139 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 709 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 196 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 184 миң 28 киши айыгып чыкса, 2 миң 854 адам каза болду

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз