Четверг, 25 апреля

Айрым депутаттар коронавирустун жаңы штаммын жуктурду

0

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Аталган комитеттин төрагасы Медербек Алиев («Ишеним») чогулуштун алдында айрым кесиптештери коронавирустун «омикрон-штаммын» жуктуруп алышканын айтты.

Жыйынга депутаттар Медербек Алиев, Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу), Замирбек Мамасадыков («Ыйман нуру»), Улан Примов (Алай округу), Равшанбек Сабиров («Ата Журт-Кыргызстан»), Алтынбек Сулайманов («Альянс»), Бакыт Төрөбаев («Ата Журт-Кыргызстан»), Чыңгыз Ажибаев (Лейлек округу) катышууда.

Комитетте жалпы 13 депутат бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз