Пятница, 26 апреля

Бир суткада 370 кишиден вирус аныкталып, төрт бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 26-январга карата коронавирус дагы 370 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 243, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 71, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 18, Баткен облусунда — 15 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 510 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 379, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 102, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 9 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экиден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 118 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 583 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 196 миң 602 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 184 миң 538 киши айыгып чыкса, 2 миң 858 адам каза болду

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз