Воскресенье, 5 мая

Тажиктер дагы бир протоколду көтөрүп чыгышты

0

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчыларынын бүгүнкү жолугушуусунан соң Саймумин Ятимов №39 протоколдо белгиленген талаптар аткарылышы керек деген оюн айтты. Ятимов сегиз күндөн кийин тараптар бул протоколду ишке ашырууга өтөрүн, аталган документте жазылган пунктулар боюнча иш алып барарын белгиледи.

Массалык маалымат каражаттарына аталган протокол боюнча өкмөт төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

№43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесин чийип, жазуу иштерин жүргүзүү. Ушул тилкелер боюнча гана 1924 жана 1927-жылдардагы, ошондой эле 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Ташиев буга чейин аталган жылдардагы карталар ушул гана чек ара чекиттерин тактоодо колдонуларын айтып, Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

Эки өлкө Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло — Ворух жолун курат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт.

Аталган автожолдун курулушу жана ишке берилиши эки өлкө ортосундагы өз алдынча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлган соң гана ишке ашырылат. Тагыраагы, качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин жолду пайдаланууга уруксат берилет.

Буга катар аталган келишимге кол коюлганга чейин тараптар Ворух тилкесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын жазууга киришүүнү макулдашкан.

Ошол кезде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул автожолдун курулушу тажик тарапка коридор берүүнү түшүндүрбөй турганын белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз