Вторник, 21 мая

Орусия 10 күн ичинде Украинага кол салат

0

The Sun басылмасы Орусия 10 күн ичинде Украинага кол салаарын, алгачкы бута Киев шаары болоорун жазып чыкты. Басылманын аналитиктерге таянып жазган материалында, Орусиянын Украина менен чек арасына миңдеген аскер жана оор аскерий техника чогултканы айтылат.

Ал эми Англиянын премьер-министри Борис Джонсон болсо, Орусия Украинага кол салууда 60тан ашык куралчан топторду колдонууну пландап жатканын айтты.

The Sun басылмасы Орусиянын Украинага кол салуусунун болжолдуу картасын да жарыя кылды. Ошондой эле Орусия жетекчилиги кол салуу үчүн күндүн мындан да суук болуусун, танктардын кирүүсүнө ыңгайлуу шарттардын болуусун күтүп жатканын жазды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз