Вторник, 30 апреля

Эми коронавируска каршы дары колдонулат

0

Англия эки жуманын ичинде  жаңы типтеги коронавируска каршы Pfizer компаниясынын Paxlovid таблеткасын чыгарууга даярданып жатат.

Paxlovid дарысынын коронавирус жуккандардын оруканага жатуу же вирустан каза болуу коркунучун болжол менен 90 пайызга азайтаары айтылды. Pfizer фирмасынын бул дарысы Англияда 10 -февралдан тарта таратыла баштайт.

Англиянын саламаттыкты сактоо министри Сажид Жавид «Ковид-19 менен чогуу жашоону үйрөнгөнүбүз үчүн дары-дармек менен коргонуубуз абдан маанилүү. Муну менен катар биз заманбап антивирустардын колдонулушу боюнча да лидербиз.  Дарыларды таратуу   миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калуу деген мааниге келиши мүмкүн», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз