Спортчуларыбыздын кийимдери эми башкача (Фото)

0

Улуттук олимпиада комитети февраль айында Пекин шаарында өтчү Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын командасынын расмий формасын көрсөттү.

Маалыматта буга чейин соцтармакта сүрөтү тарап кеткен форма машыгуу учурунда кийилери, аны кытайлык компания акысыз бергени айтылды.

«Кыргызстандын Лыжа спорту федерациясынын президенти жана машыктыруучусу Игорь Борисов менен жыл жаңырарда жолугушуу өтүп, италиялык Vist компаниясы өндүргөн лыжа шаймандарын, экипировканы каржылоо өтүнүчү келтирилген. Федерация тиешелүү экипировканын дизайнын иштеп чыккан», — деп жазылат маалыматта.

Параддык форманын 12 бөлүгү 2021-жылдын 30-декабрында сатып алынганы айтылды. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 17-январында УОК лыжачы Максим Гордеевге лыжа сатып берген. Мындан тышкары, калпакка, улуттук жана олимпиадалык символикалар түшүрүлгөн желектерге, значокторго буюртма берилгени маалым болду.

УОК расмий форма Кыргызстанга бүгүн алып келингенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Пекин шаарында 4-февралда башталып, 20-февралда жыйынтыкталат. Кыргызстандын атынан тоо лыжачы Максим Гордеев катышат. Гордеевден жана анын машыктыруучусу Игорь Борисовдон башка Олимпиадага аттана турган Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамына миссиянын башчысы, Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) кызматкери Чолпон Жумагазиева барат. Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен УОКтун президенти менен анын башкы катчысы Садыр Мамытов жана Кылычбек Сарбагышев да кетет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз