Суббота, 4 мая

Кыргызстан аскерий техника сатып алат

0

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Февраль айында Кыргызстанга аскердик техника алып келинээрин айтты.

Атайын кызматтын жетекчиси кечээ Ак-Сай айылында тегеректеги кыштактардын тургундары менен кезиккен. Жолугушууда Ташиев «Кыргызстан өзүнүн каражатына чет өлкөдөн заманбап аскердик техника алып койгон. Ферваль айында өлкөгө жеткирилет. Ошонун бардыгын Баткенге коебуз», — деди ал.

Ошондой эле ал эл тынчсызданбай жашай берсе болорун, мамлекеттин аларды ар дайым коргоого күчү жетерин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз