Суббота, 18 мая

Өлкөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны өсүүдө

0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 30-январдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирустан бир суткада төрт киши каза болду.

Кыргызстанда 30-январга карата коронавирус 276 адамдан аныкталды.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 164, Чүй облусунда – 41, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда – 13, Нарын облусунда – 6, Талас облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Ош шаарында – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 456 адам илдеттен сакайып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 111 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 187 000 киши айыгып чыкса, 2 миң 876 адам каза болду.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери каза болгондордун расмий эсеби 2876 адамга жетти. Оору жаңы аныкталгандардын саны 276 кишини түздү.

Учурда 6 716 киши коронавирус менен ооруп жатат. Алардын 5 242си үйүндө дарыланса, 1 474ү ооруканада. 95 адам өтө оор абалда реанимация бөлүмдөрүндө. 681 кишинин абалы оор деп бааланган.

Бейтаптардын он биринин гана абалы туруктуу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз