Пятница, 22 ноября

Мусулмандар алдыдагы үч айды өзгөчө баалашат

0

Мусулмандар ражаб, шабан жана рамазан айларына өзгөчө маани беришет. Береке жана руханий жаңылануунун мезгили болгон берекелүү бул үч ай исламий календарга ылайык 2-февралда башталат.

Бул айларда мусулмандар диний сезим жана ибадаттын коштоосунда күнүмдүк турмушун жөнгө салуу, жаңылоо жана байытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

”Рагаип”, ”мирач”, ”бараат”, ”кадыр түн”  сыяктуу маанилүү түндөр дал ушул үч айда болот. Бул күндөрү орозо кармоо, Куран окуу жана зекет берүү сыяктуу ибдаттардын дагы көп аткарылышы сунуш кылынат.

Мухаммет пайгамбар Алланын астына барган түн катары кабыл алынган ”мирач түнү” 27-февралда, рамазандын кабарчысы катары кабыл алынган ”бараат түнү” 17-мартта белгиленет. Ал эми тынчтыктын жана берекенин айы болгон ”рамазан айы” 2-апрелде башталат.

Куранда ”миң айдан да артык” деп айтылган кадыр түн Рамазан айынын 27-түнү, башкача айтканда  27-апрелде  тосулат. Аягында мусулмандар  2-майда Рамазан майрамын майрамдашат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз