Суббота, 4 мая

Соттор 160 миңдин айланасында айлык алууда

0

Кыргызстандын Финансы министрлиги 2021-жылы президент чыгарган айрым жарлыктардын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды сайтына жайгаштырды. Ага ылайык, өткөн жылы соттордун айлыгы орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин көтөрүлдү. Аскер кызматкерлериники орто эсеп менен 21 миң сомдон 28 миң сомго чейин жогоруларды. Ал эми медицина кызматкерлериники 8 миң сомдон 13 миң сомго чейин, маданият кызматкерлериники 7 миң сомдон, 11 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, 2021-жылы республикада орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 19 миң 586 сом (231,6 АКШ доллары) болду. Мекеме өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу орточо маяна 9% өскөнүн маалымдаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз